Жогорку Кеңеште президент Садыр Жапаров демилгелеген «Референдум жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзам долбоору катталды.
Ал мыйзамдарды 2021-жылдагы Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Негизги өзгөртүүлөрдүн бири — референдумду дайындоо укугу президентке берилет. Ал аны өз демилгеси менен же 300 миң шайлоочунун же депутаттардын үчтөн экисинин сунушу менен дайындай алат.
Ошондой эле электрондук жана аралыктан добуш берүү киргизилип, байкоочулардын статусу такталат, ал эми чечим 30%дан жогору катышуу жана жарымынан көбүнүн колдоосу менен кабыл алынат.


