Кыргызстанда учкучсуз аппараттарды башкаруу боюнча алгачкы окуу борбору ачылды
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында учкучсуз аппараттарды башкаруу боюнча окуу борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор Кытайдын Шеньсий кесиптик-техникалык колледжи менен өнөктөштүктө Xi’an Tianyi Intelligent Control Education Technology компаниясы тарабынан ачылды. «Жаңы окуу борбору геодезия, транспорттук, геомаалыматтык жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу түрдүү тармактарда дрондордун технологиясы жана…


