Алай районунда европалык технология менен форель өстүрүлүүдө

2026-жылдын 12-майында Согонду айылы аймагындагы “Алай Тейит” балык чарбасында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө балык чарбасына форель балыгынын икралары Дания, Испания жана Турция мамлекеттеринен алынып келери аныкталды. Жылына 500 миң даана икра өндүрүлөт. Ал эми балыктын жеми Европа өлкөлөрүнөн жана Иран…

Кененирээк

Чүйдө балдардын жалаягын жана гигиеналык каражаттарды чыгаруучу ишкана ачылды

Чүй облусунда балдардын жалаяктарын жана санитардык-гигиеналык каражаттарды чыгаруучу «Бренд КГ» ишканасы ишке кирди. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, бул мындай продукцияны чыгарган алгачкы ата мекендик өндүрүш болуп саналат. Өндүрүштүк комплекс «Ак-Чий» эркин экономикалык аймагында жайгашып, керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Ишкана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана импортту алмаштырууга багытталган. Келечекте продукцияны…

Кененирээк

Жүргүнчүлөр эми “Манас” аэропортуна жаңы жерден кирип-чыгышат

Аэровокзал комплексинин жаңы бөлүгү пайдаланууга берилип, кирүү жана чыгуу батыш тарабында жайгашты. Реконструкциянын алкагында жаңы күтүү залдары жана каттоо аймактары иштей баштап, стерилдүү зона жаңыланды. Бул аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртат. Аэровокзалдын эски бөлүгү реконструкцияга жабылды.

Кененирээк

Пекинде Си Цзиньпин менен Дональд Трамптын жолугушуусу башталды

Бул — АКШ президентинин акыркы 9 жылда Кытайга жасаган алгачкы сапары. Кытай лидери эки өлкө атаандаш эмес, өнөктөш болушу керектигин белгилеп, кызматташуудан эки тарап тең утушта болорун, ал эми каршылашуудан зыян тартарын айтты. Трамп АКШ менен Кытайды алдыда “укмуштуудай келечек” күтүп турганына үмүт артарын билдирип, Вашингтон Пекин менен тең ата бизнес жүргүзөрүн убадалады. АКШ президенти…

Кененирээк

3 жылда Бишкекти тегерете айланма жол салынат

Анын бир бөлүгү акы төлөй турган болот. Трасса үч бөлүктөн турат: Түндүк айланма (Канттан Кара-Балтанын жолуна чейин) бөлүгү салынып жатат, бул 2026-жылдын соңунда ишке берилет. Чыгыш айланма жол (Канттан Көк-Жарга чейин) — мамлекеттик-жеке өнөштөштүктүн алкагында курулат, акча төлөп жүрөбүз. Түштүк айланма жол (Көк-Жар — Орто-Сай жана Байтик айылдары аркылуу Бишкек — Ош трассасына чейин). Бул…

Кененирээк

Төрт жылда 48 миңден ашык үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түздү

Кыргызстанда «Социалдык контракт» программасы ишке киргенден бери мамлекет менен 48 миңден ашык үй-бүлө келишим түздү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун жыйынтыгында 57 миңден ашык жумуш орду түзүлүп, 228 миңден ашык жаран жашоо шартын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алды. Социалдык контракт — аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим. Программанын алкагында өз бизнесин…

Кененирээк

Жапаров Ала-Арча суу сактагычына барды

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын аймагында эс алууга шарт түзүлө турганын айтты. “Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы 1965-жылы курулган, толгон кезде суу токойду басып калат. Мына ошонусу менен кызыктуу, учурда бактарга уялаган ар кандай канаттуулар балапан чыгарып учурган мезгили. Март айынан июндун ортосуна чейин…

Кененирээк

ЖРТ: кошумча каттоо 16 жана 20-майда өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 16 жана 20-майда Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди. Каттоо тест өтө турган борборлордо, башкача айтканда мектептерде, саат 13:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Ар бир район же шаар боюнча так даректи мектеп өкүлдөрүнөн же райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн тактоо керек. Тестирлөө эки…

Кененирээк

БШК бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргызстандын БШКсы 12-майдагы жыйынында аймактык шайлоо комиссияларынын бир катар жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти. Мандаттар Аламүдүн, Ысык-Ата, Жумгал, Кемин, Бакай-Ата райондорунда, ошондой эле Манас жана Ош шаардык кеңештеринде жаңы депутаттарга берилди. Ош шаардык кеңешиндеги бош мандатты «Мурас» партиясынан эң көп добуш алган Толкун…

Кененирээк

Түркия Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга кызыкдар

Бул маселе Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен RHOFA Energy компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда каралды. Эми инвестициялык жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөр мамлекеттик органдардын башчылары менен талкууланат.

Кененирээк