Акча алмаштыруучу жайлар айрым кардарлардын каражатынын булагын текшерет
Эми акча алмаштыруучу жайлар айрым кардарлардын каражатынын булагын текшерет. Чара кылмыштуулукту каржылоого жана мыйзамсыз каражаттарды адалдоого каршы багытталган. Улуттук банктын токтомундагы негизги талаптар: 100 миң сомдон 1 млн сомго чейинки операцияларда кардардын өздүгүн аныктаган документтер (паспорт, аскердик билет, айдоочулук күбөлүк же чет өлкөлүктөр үчүн жашап туруу уруксаты) талап кылынат. 100 миң сомдон жогору операциялар сөзсүз…


