Чукул кабар: Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

Туруксуз аба ырайына байланыштуу 2–5-мартта тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн — унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат. Кар көчкү коркунучу бар жол тилкелери: Бишкек–Ош: 121–138-чакырым (Төө-Ашуу ашуусу) Бишкек–Ош: 198–265-чакырым (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алакуу: 55–115-чакырым Ала-Бука–Каныш-Кыя: 45–112-чакырым (Чапчыма ашуусу) Красная-Горка–Акташ:…

Кененирээк

1-апрелден тарта автоунааларды кайра каттоо «Түндүк» аркылуу онлайн жүргүзүлөт

Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Ош шаарындагы унааларды каттоо борборунун ишин көрүп жатып айтты. Анын айтымында, унааларды алып-сатууну онлайн жүргүзүүгө болот. Ошондой эле ал мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жыл соңуна чейин алмаштырууга болорун, бул кызмат да аралыктан жеткиликтүү экенин кошумчалады. Мындан тышкары, документтерди жана номерди үйүнө жеткирүү кызматы ишке кирет.

Кененирээк

Автоунааларды техникалык кароо Президенттин иш башкармалыгына өттү

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Чечим өлкөдө транспорттук каражаттардын техникалык абалына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана жолдогу коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынганы кабарланды. Жарлыкта ошондой эле, Президенттин иш башкармалыгына техникалык кароо кызматынын баасын туруктуу кармоо, калкты тейлөө сапатын жакшыртуу жана ачык-айкын мамлекеттик каттоо системасын түзүү тапшырмасы берилди.

Кененирээк

Нарын облусундагы ооруканаларга 20 кызматтык автоунаа тапшырылды

Бүгүн, 2-февралда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусундагы медициналык мекемелерге 20 кызматтык автоунаа тапшырды. Анын айтымында, бул унаалар калкка ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонулат. Унаалар облустук жана райондук мекемелерге, ошондой эле төрөт бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлдү. Эң көп автоунаа Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна — 4, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө — 3, Ат-Башы, Ак-Талаа…

Кененирээк