«Өз укугуңду бил!» аттуу акциянын алкагында юридикалык жардам берилет
30-апрель Кыргыз республикасынын Конституция күнүнө карата «Өз укугуңду бил!» аталышындагы акция өтөт. Акция Ош шаарында жана Ош облусунун Алай, Кара-Суу, Ноокат, Араван жана Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда өтүп, жергиликтүү калкка акысыз юридикалык кеңештер берилет. Акциянын жүрүшүндө жарандар адистердин кеңештерин алып, акысыз адвокат менен камсыз боло алышат.


