“Кийиз дүйнө” коомдук фондунун негиздөөчүсү Айдай Асангулова 48 жашында дүйнөдөн өттү

Жакындары ал көптөн бери оору менен алышып келгенин айтышууда. Маркум 27-январда Тоң районунун Кызыл-Туу айылында жерге берилет. Айдай Асангулова — көрүнүктүү маданият ишмери, уз-чебер, сүрөтчү-конструктор, дизайнер, изилдөөчү, этнограф. Ал кыргыздын салттуу кийимдерин жандандыруу, калыбына келтирүү жаатында эбегейсиз эмгек көрсөткөн. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кененирээк