Кыргызстанда орточо айлык 55 миң сомду түздү
Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди. Ал өлкөдө январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул өткөн жылдын август айына караганда 28,7% көп.


