Кыргызстанда суунун тартыштыгы байкалууда: сугатка көзөмөл күчөтүлөт

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Министрликтин өкүлү Туратбек Идрисов белгилегендей, суунун азайышы — дүйнөлүк тенденция. Маалыматка ылайык, 2025-жылы — 5,767 млрд кубометр суу пайдаланылган, ал эми 2026-жылы — 6,303 млрд кубометр суу бөлүштүрүү пландалууда. Облустарда жана райондордо атайын штабдар түзүлүп, сугат суусунун адилеттүү жана рационалдуу бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөйт….

Кененирээк

Биринчи жолу 3 пайыз үстөгү менен насыялар берилет

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоорго ылайык, “Элдик Банк” асыл тукум мал чарбасын колдоо үчүн эң төмөнкү үстөк пайыз менен насыялоону баштады. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин активдүү колдоосу менен мамлекеттик «Элдик Банк» асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган…

Кененирээк

Эрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Эрлист Акунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал бул кызматка Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди. Акунбеков Ош шаарында төрөлгөн, Ош мамлекеттик университетин жана Москва мамлекеттик университетинин башкаруу багытын бүтүргөн. Буга чейин ал “ATS-Group” агроөнөр жай компаниясын жетектеп, жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр…

Кененирээк

“Агро Диалог – 2026”: Чемпиондор кызыл килемден өтүштү

“Агро Диалог – 2026” иш-чарасы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында өтүүдө. Иш-чара айыл чарба тармагындагы инновацияларды жайылтуу, дыйкандардын тажрыйба алмашуусун күчөтүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт. Иш-чаранын алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы менен “чемпион” аталган алдыңкы дыйкан-фермерлер салтанаттуу түрдө кызыл килемден өтүшүп, коомчулукка тааныштырылды. Тармактагы мыктыларга медалдарды жана 25 миң сомдук сертификаттарды министр…

Кененирээк

Нидерландиянын HZPC компаниясы «Агролид» компаниялар тобу менен үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташат

Бишкек шаарында «Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги: сапат, инновация, өнөктөштүк» аттуу форум өттү. Иш-чара өлкөнүн үрөнчүлүк тармагын стратегиялык өнүктүрүүгө арналган. Форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Нидерландиянын HZPC компаниясы жана «Агролид» компаниялар тобунун ортосунда үрөнчүлүктү өнүктүрүү…

Кененирээк

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 6 пайыздык чен менен насыялар берилет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы №36- тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоору бекитилген. Долбоордун алкагында кеминде 2 448 000 000 (эки миллиард төрт жүз кырк сегиз миллион) сом өлчөмүндө 6 пайыздык чен менен насыя берүү каралган.Насыялар «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу берилет. Насыя берүү шарттары: «Мал чарбачылыгы» жана…

Кененирээк

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо үчүн «Экспертиза» системасы ишке кирди

Айыл чарба министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент АИС «Экспертиза» маалыматтык системасын ишке киргизгенин билдирди. Максат — мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана адам факторун кыскартуу. Эми жеке жана юридикалык жактар үрөндүк материалды сертификаттоо үчүн талаа инспекциясына, лабораториялык анализдерге жана жаңы сортторду сорт сыноодон өткөрүүгө онлайн арыз тапшыра алышат. Аймактык мекемелерге барып,…

Кененирээк