Кыргызстандык боксчу Дүйнө кубогунда коло медаль утту
Анвар Хожиев 50 кг чейинки салмак даражада күч сынашты. 1/8 финалда Хожиев япониялык Даити Аваини 3:2 эсебинде жеңди. 1/4 финалда австралиялык Айзаз Омерди 3:2 эсебинде утуп чыкты. Жарым финалда азербайжандык Субхан Мамедов 4:1 эсебинде жеңүүчү болду. Жыйынтыгында Анвар Хожиев 3-орунга жазылды.


