Тышкы иштер министри Бахрейн жана Омандын элине тилектештик билдирди
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль Заяни менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун атынан Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга байланыштуу Бахрейндин элине тилектештик билдирди. Тараптар аймактагы абал тез арада тынчып, саясий-дипломатиялык диалог кайра жанданып, аймакта тынчтык жана…

