Кыргызстанга күйүүчү май ташыган кытайлык айдоочуларга убактылуу визасыз режим киргизилди

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, өлкөгө дизель-бензин ташыган кытайлык айдоочулар Кыргызстанга визасыз кирип, беш күнгө чейин жүрөт алат. Алар беш күн өткөнгө чейин Кыргызстандан кайра чыгып кетиши керек. Болбосо аларга миграциялык мыйзамдарга ылайык чара көрүлөт. Белгилей кетсек, Кыргызстан бензин менен дизелди жана башка күйүүчү майларды адатта Россиядан сатып алып…

Кененирээк

Кыргызстандыктар Таиландда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат

15-сентябрдан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга визасыз кирип, 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу өлкө ТИМинин маалыматында айтылган. Жаңы тартип кадимки паспорт ээлерине тиешелүү. Учурда кыргызстандыктар Таиландга баруу үчүн 15 күндүк виза алышат. 15-сентябрдан кийин мунун зарылдыгы болбойт. Таиланддын жарандары да Кыргызстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Кененирээк

Адылбек Касымалиев АКШнын мамкатчысы менен визалык режимди жөнөкөйлөтүүнү сүйлөштү

Анда тараптар соода-экономикалык, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар жана виза режимин жеңилдетүү сыяктуу маселелерди талкуулашты. Касымалиев президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, С5+1 форматындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Касымалиев өлкөнүн экономикалык өсүшү тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары экономика туруктуу өнүгүп жатканын айтты. Ошондой эле Кыргызстан АКШ менен инновация, санариптештирүү жана технологиялар жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Кененирээк

Эми кыргызстандыктар Сербияга визасыз кирсе болот

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кенештин жыйынында дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим боюнча башка өлкөлөр менен келишимдерге кол коюу тышкы саясий иштин бир бөлүгү экенин билдирди. Ал Сербия менен бул багытта ийгиликтер жаралганын жана Кыргызстандын жарандары эми бул өлкөгө визасыз бара алышарын баса белгиледи. Ошондой эле Имангазиев кыргызстандыктарга ушундай…

Кененирээк

АКШга окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөөгө милдеттүү эмес

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги F же M категориясындагы визалар менен окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөбөй турганын билдирди. Дипмиссиянын маалыматына ылайык, кепилдик күрөө бизнес же туристтик B1/B2 визасына документ тапшыргандардан гана талап кылынат. Башка виза категориялары үчүн мындай төлөм каралган эмес. Эске салсак, 2026-жылдын 21-январынан тартып Кыргызстандын жарандары B-1 жана B-2 визаларына арыз бергенде 5…

Кененирээк

Европа Visa жана Mastercard’га альтернатива түзүүнү көздөп жатат

Евробиримдик АКШнын Visa жана Mastercard төлөм системаларына көз карандылыкты азайтуу үчүн өзүнүн бирдиктүү төлөм платформасын иштеп чыгууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Financial Times Европалык төлөм демилгесинин (EPI) башчысы Мартина Ваймертке таянып билдирди. Анын айтымында, америкалык компаниялардын үстөмдүгү геосаясий басым коркунучун жаратат. Ошондуктан өз алдынча система түзүү Европанын стратегиялык приоритетине айланды. Европанын Борбордук банкынын маалыматы боюнча, 2022-жылы…

Кененирээк