ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Ага ылайык, 23-24-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:▪️Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);▪️Каракол – Эңилчек унаа…

Кененирээк

Нарын дарыясынын нугу бурулат

Бул Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн керек экенин энергетика министри билдирди. Таалайбек Ибраевдин айтымында, суунун нугу бурулуп, ал жерге бийиктиги — 260 метр, туурасы — 700 метр болгон плотина курулат. “Дарыянын нугун бурууга 1,5 жылдай убакыт керек. Каржылоо маселесин карап чыгуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилигине кат жолдодум”, — деди министр “Биринчи радиого” берген маегинде.

Кененирээк