Дзюдочу Эрлан Шеров Европа кубогунда алтын медаль алды

Словениянын борбору Любляна шаарында Ljubljana European Open-2026 аттуу Европа кубогу өттү. Анда кыргызстандык Эрлан Шеров 90 килограмм салмак ченинде күч сынашып, алтын медаль тагынды. Мелдеш 14–15-февраль күндөрү өттү. Ага 45 мамлекеттен 513 спортчу катышты.

Кененирээк

Ош шаарында Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпионаты өтөт

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чара 23-25-январь күндөрү уюштурулат. Анын алкагында 2026-жылга карата Кыргызстандын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команданын курамы аныкталат. Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Кененирээк