Миграция министрлиги Орусияга иштөөгө бараткан жарандар үчүн миграциялык эрежелерди эске салды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияга иштөө үчүн бара турган жарандарга миграциялык талаптарды эскертти. Сапарга чыгар алдында migrant.kg сайты аркылуу кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесин текшерүү сунушталат. Орусияда мыйзамдуу жүрүү үчүн өлкөгө киргенден кийин 30 күндүн ичинде медициналык кароодон, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү керек. Ошондой эле 30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери…
