Мамлекеттик ооруканада боор алмаштыруу операциясы жасала баштады
Операция Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда жүргүзүлдү. Президенттик администрациянын маалыматы боюнча, бейтаптын 20 жаштагы уулу донор болгон. Учурда экөөнүн тең абалы жакшы. Кыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча эң алгачкы операция 2024-жылдын июнь айында ийгиликтүү жасалган. Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасындагы операцияны Түркиядан атайын окуудан өткөн кыргыз дарыгерлер ишке ашырган болчу.


