Кытай Кыргызстанга жасалма жамгыр жаадыра турган дрондорду берди

26-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков кытайлык «Цюаньибао» (Ханчжоу) маалыматтык технологиялар компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Кызматташуунун алкагында кытай тарап Министрликке кайтарымсыз негизде 12 даана учкучсуз учуучу аппаратты (дрон) өткөрүп берди. Бул жабдуулар айыл чарба иштеринде, анын ичинде өсүмдүктөрдү коргоо,…

Кененирээк

Кыргыз окумуштуулары дрон жасап жатат

Учуучу аппаратты Улуттук илимдер академиясынын машина таануу, автоматика жана геомеханика институту даярдоодо. Анын узундугу 2,4 метр болсо, туурасы 2,85 метрге жетет, 24 килограмм жүктү көтөрө алат. Тетиктери 3D принтерде даярдалууда. Окумуштуулар дронду жайында жасап бүтүп, сентябрь айында сыноо иштерин жүргүзүүнү пландашууда. Аны аскердик жана айыл чарба багытында иштетсе болору айтылды.

Кененирээк