ЕБРР менен кызматташтык: Ош жашыл экономикага өтүүнү күчөтөт
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Жашыл шаар” стратегиялык долбоорун илгерилетүү багытында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда шаарды туруктуу өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана заманбап “жашыл” стандарттарды киргизүү маселелери негизги орунду ээледи. Тараптар долбоордун артыкчылыктарын, каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн жана аны этап-этабы менен ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты. “Жашыл шаар” демилгеси ишке…


