Бишкекте жеке автолорго атайын тилкелерде түнкүсүн жана дем алыштарда жүрүүгө уруксат берилет
Иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке автоунаалардын коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерге кирүүсүнө тыюу салынат. Ал эми саат 20:00дөн 08:00гө чейин атайын тилке менен жүрүүгө уруксат берилет. Аны ишемби жана жекшемби күндөрү да пайдаланууга болот. Чечим жол кыймылын уюштуруу схемаларына өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү жол белгилери орнотулгандан кийин күчүнө кирет.


