Айрым эреже бузуулар боюнча бир ай ичинде айыпты төлөгөндөргө жеңилдик берилбей калышы ыктымал

Кеп 188-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн, 189-беренесинин 1-бөлүгүн, 192-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү жөнүндө болуп жатат. Буларда каршы тилкеге чыгуу, кооптуу маневр жасоо жана жолдо бараткандардын өмүрүнө коркунуч келтирүү тууралуу айтылган. Укук бузуулар жөнүндө кодекске сунушталган өзгөртүүлөрдө протоколдор санарип түрдө түзүлүп, айып пулдарды банктык тиркемелер аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизүү сунушталган.

Кененирээк

Бишкекте коопсуздук курун тагынбагандарды каттаган камералар орнотулду

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, эми Чыңгыз Айтматов проспектиси толугу менен көзөмөлгө алынат. Ошондой эле Ахунбаев — Токтоналиев жана Махатма Ганди — Баялинов көчөлөрүнүн кесилиштерине камералар орнотулду. Аппараттык-программалык комплекстер коопсуздук курун тагынбагандарды, каршы тилкеге чыккандарды, ылдамдыкты ашыргандарды жана жол чырак кызыл күйгөндө өтүп кеткендерди каттайт.

Кененирээк