Бишкекте мечиттерге жүздү таануучу камералар орнотулууда

Бишкектеги мечиттерге жүздү таануу мүмкүнчүлүгү бар видеокамераларды орното башташты. Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул чара радикализмдин жана экстремисттик идеялардын жайылышынын алдын алуу үчүн киргизилип жатат.Мечиттер өздөрү жабдууларды кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен орнотуп жатат.

Кененирээк

Бишкекте коопсуздук курун тагынбагандарды каттаган камералар орнотулду

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, эми Чыңгыз Айтматов проспектиси толугу менен көзөмөлгө алынат. Ошондой эле Ахунбаев — Токтоналиев жана Махатма Ганди — Баялинов көчөлөрүнүн кесилиштерине камералар орнотулду. Аппараттык-программалык комплекстер коопсуздук курун тагынбагандарды, каршы тилкеге чыккандарды, ылдамдыкты ашыргандарды жана жол чырак кызыл күйгөндө өтүп кеткендерди каттайт.

Кененирээк