Кыргызстанда жасалма интеллект кайсы кесиптерди алмаштырат?
Кыргызстанда жасалма интеллекттин өнүгүшү менен эмгек рыногунун түзүмү өзгөрүп жатат. Бирок бул адамды толугу менен машиналар алмаштырат дегенди билдирбейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, технологиялар эң оболу иши кайталанма аракеттерге негизделген тармактарга таасир этет. Жарым-жартылай сүрүлүп чыгуу коркунучунда административдик кызматкерлер, колл-борборлордун операторлору, баштапкы деңгээлдеги котормочулар, ошондой эле алгачкы…


