Бишкек шаарына 148 жыл толду

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев борбор калаанын тургундарын жана меймандарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады. «Биз шаарды өнүктүрүп, жашоого ыңгайлуу жана коопсуз кылууга аракет кылып жатабыз», — деп белгиледи ал. Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарына 148 жыл толду. Өлкөнүн борбору алгач Пишпек, кийин Фрунзе, андан соң Бишкек болуп өзгөргөн.

Кененирээк

Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийим күнү менен куттуктады

Арслан Койчиев бул баш кийим элибиздин тарыхый эс тутуму, ата-бабаларыбыз бизге мурас катары калтырган ыйык символ, ар-намыстын, тазалыктын, асылдыктын жана улуулуктун чагылдырылышы экенин белгилеген. “Ата-бабалар калтырган баалуулуктарды жаш муунга өткөрүп берүү ар бир үй-бүлөнүн, билим берүү мекемелеринин жана бүтүндөй коомдун ыйык милдети. Глобалдашуу доорунда улуттук өзгөчөлүктү сактоо – мамлекеттик көз карандысыздыкты жана руханий эркиндикти сактоо…

Кененирээк