Кыргызстанда тамеки жана стиктер кымбаттайт

Министрлер кабинети тамекилерге жана тамеки стиктерине жаңы минималдуу бааларды белгиледи. 2027-жылдын 1-январынан тартып бир кутунун баасы кеминде 135 сом болушу керек. Андан кийин минималдуу баа 2028-жылы 150 сомго, ал эми 2029-жылдан тартып 165 сомго чейин көтөрүлөт. Бул чечим калктын ден соолугун коргоо зарылдыгы менен түшүндүрүлдү. Бааларды Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөйт.

Кененирээк

1-майдан тартып электр энергиясы кымбаттайт

Энергетика министри электр энергиясы үчүн тарифтер кандай көтөрүлөрүн айтты. Учурда киловатт-саатына 1,37 сомдон төлөнөт. Өкмөттүн тарифтик саясатына ылайык, электр кубатынын тарифтери жыл сайын көтөрүлөт. Бийлик 2030-жылга чейин тарифти өздүк наркка жеткирүүнү көздөөдө. ▪️2026-жылдын май айында электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттайт ▪️2027-жылдын май айында 33 тыйынга ▪️2028-жылдын май айында 39 тыйынга ▪️2029-жылдын май айында 47 тыйынга…

Кененирээк