Ошто текшерүүдөн кийин отуздан ашуун күрөөкана жабылды
Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында күрөөканалар текшериле баштады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Рейддин алкагында өлкө мыйзамдарында белгиленген пайыздык чендердин жогорулатылган учурлары аныкталып, алар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан административдик айыптар салынды. Андан тышкары, 30дан ашык күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү текшерүү иштери дайындалды.
