Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында катышуучулар 43 этноспорттон күч сынашат

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Анда Маданият министри Мирбек Мамбеталиев, көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов жана режиссердук топтун жетекчиси Алтынбек Максутов баяндама жасады. Жыйындын жүрүшүндө минкаб төрагасы иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу зарылдыгын белгиледи.

Кененирээк

Ошто сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт

2026-жылдын 17-февраль күнү сергек жашоо образын даңазалоо максатында сууда сүзүүчүлөр үчүн Ош шаарынын мэринин кубогу өткөрүлөт. Мелдештин негизинде Ош шаарынын курама командасына 25 мыкты сууда сүзүүчүлөр тандалып алынат. Ага 2014, 2015, 2016, 2017, 2018, 2019-жылы төрөлгөндөр катыша алат жана алар спорттук мектепте, секцияда же машыктыруучуда 3 айдан кем эмес даярдыктан өтүшү керек. 1,2,3-орунду алган жеңүүчүлөр…

Кененирээк

Ош шаарында Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпионаты өтөт

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чара 23-25-январь күндөрү уюштурулат. Анын алкагында 2026-жылга карата Кыргызстандын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команданын курамы аныкталат. Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Кененирээк