Таласта да «Акылман» президенттик лицейи ишин баштады
Президент Садыр Жапаров аны менен катар онлайн форматта Кыргызстан боюнча 105 социалдык объектини ишке киргизди. Мамлекет башчысы билимдүү, Мекенин сүйгөн жаштар эгемен Кыргызстандын негизги коргоочусу экенин белгиледи. Комплекстин аймагында окуу имараты, жатакана, футбол талаасы, жеңил атлетика, баскетбол жана волейбол аянтчалары, ошондой эле воркаут аянты жайгашкан. Имаратта 19 окуу кабинети, 4 лаборатория, кол эмгек жана көркөм сүрөт…


