Бүгүн айрым аймактарда жаан-чачын күтүлөт

18-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Жаан-чачын Чүй менен Талас облустарынын тоолуу райондорунда да болушу мүмкүн. Ошол эле учурда Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан күтүлбөйт. Эң жогорку температура түштүк аймактарда сакталып, күндүз аба 35°C чейин ысыйт. 🔶 Чүй облусу: түнкүсүн 9…14°C, күндүз…

Кененирээк

ӨКМ башчысы Жалал-Абад менен Ошто селден жабыркаган аймактарды кыдырып жүрөт

Канатбек Чыныбаев сел коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу, Алай райондорунда сел жүрүп, бир нече турак-үйлөр жана социалдык обьекттер жабыркаган. Жолдор жабылган. Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир катар аймактарында да сел суулары турак үйлөрдү каптаган болчу.

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Ош облусуна келет

Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Сапардын жүрүшүндө президент бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши менен таанышат. Ошондой эле инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын текшерет. Анын ичинде билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин курулушу, жол тармагын өнүктүрүү жана аймактарды көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров социалдык мааниге ээ объектилерди…

Кененирээк

Кыргызстандын калкынын саны 7,5 миллионго чукулдады

2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстанда туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түздү. Анын ичинен Бишкек шаарындагы калктын саны 1 млн 360,6 миң адамга жетти. Ош шаарында — 485,7 миң адам жашайт. Ош облусунда 1 млн 440,3 миң адам жашайт; Жалал-Абад облусунда 1 млн 381,8 миң адам; Чүй облусунда 983,7 миң; Баткен облусунда…

Кененирээк

УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгын Канат Табалдиев жетектейт

Ош облусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүмүнүн жаңы башчысы дайындалды. Канат Табалдиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аткарууга киришти. 3-мартта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнө жаңы жетекчини тааныштырды. Канат Табалдиев…

Кененирээк

Ош облусунда “100 өнөр жай ишканасы – 2026” долбоору ишке ашырылат

Бүгүн, 20-февралда Ош облусунда “100 өнөр жай ишканасы – 2026” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан объектилер боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Ош облустук архитектура-курулуштук контролдоо регионалдык башкармалыгынын (ГАСК) башчысы, мамлекеттик экспертиза кызматынын жетекчиси, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдердин биринчи орун басарлары жана тиешелүү долбоорлордун жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө…

Кененирээк