Роза Айтматова каза болду

Роза Айтматова 89 жашында дүйнө салды. Кабарды маркумдун туугандары тастыктады. Төрөкул Айтматовдун кызы, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы 1937-жылы төрөлгөн. Айтматова Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, физика-математика илимдеринин кандидатынан тышкары өлкөнүн коомдук турмушуна да активдүү катышкан кыргыз кыздарынын катарында турчу.

Кененирээк

Роза Айтматова Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрбөй коюуну сунуштады

Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы, коомдук ишмер Роза Айтматова коомчулукка кайрылып, соңку убакта интернет мейкиндигинде айтылып жаткан ушак-айыңдарга тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, маркум жазуучунун атын саясий жана коомдук талаш-тартыштарга аралаштырбоо керек. Ушуга байланыштуу Роза Айтматова Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрбөй эле коюуну өкмөткө сунуштап, майрамга бөлүнө турган каражаттарды элдин социалдык абалын жакшыртууга…

Кененирээк