Президент Садыр Жапаров: “Чакан ГЭСтер – Кыргызстандын энергетика саясатынын стратегиялык маанилүү багыттарынын бири”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. “Чакан ГЭСтерди куруу менен электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү натыйжалуу жана ыкчам инструменттердин бири болуп…

Кененирээк

Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилди

Жогорку Кеңеште президент Садыр Жапаров демилгелеген «Референдум жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзам долбоору катталды. Ал мыйзамдарды 2021-жылдагы Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Негизги өзгөртүүлөрдүн бири — референдумду дайындоо укугу президентке берилет. Ал аны өз демилгеси менен же 300 миң шайлоочунун же депутаттардын үчтөн экисинин сунушу менен дайындай алат. Ошондой эле электрондук жана аралыктан добуш берүү…

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров жана Россиянын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги айрым темалар талкууланды. Мамлекет башчылар Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилешип, эки жактуу мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан аркы…

Кененирээк

Садыр Жапаров жетекчилерди саясий оюндардан оолак болууга чакырды

Анын айтымында, мындай көрүнүш башаламандыкка жана элдин ишенимин жоготууга алып келет. «Мурда дал ушул саясий амбициялар мамлекеттик органдардын милдеттери менен аралашып кетип, өнүгүүнү кан буугандай токтотуп, институттарды бузуп, демилгелерди артка тартып, элдин ишенимине доо кетирген», – деди өлкө башчысы. Ал ар бир жетекчини өз милдеттерин так аткарууга чакырып, мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда тууганчылык болбошу керектигин…

Кененирээк

Садыр Жапаров бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарды

Жарлыктарга ылайык, Улан Ниязбеков милициянын генерал-полковниги болду. Ал эми Жумгалбек Шабданбеков генерал-лейтенант наамын алды. Мындан тышкары, Акылбек Намазов, Уранбек Шадыбеков, Тариэл Отонбаев, Талайбек Шаршеев, Талантбек Талипов жана Алишер Эрбаев генерал-майор наамына татыды. Ал эми Малик Бектургановго юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылды.

Кененирээк

Президент: «К.Ташиев мамлекеттик кызматка келбейт»

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берип, мурдагы позициясында калганын билдирди. Анын айтымында, алар дос бойдон кала берет. Бирок Ташиев мындан ары мамлекеттик кызматка келбейт. “Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегиндеги айрым адамдардан арылып, тазалансын. Тергөө органдары баарын тактап берет”, — деди президент. Мамлекет башчы азыр бул чечимге Ташиев таарынышы…

Кененирээк

Садыр Жапаров: «Элди экиге бөлүп-жарууга жол бербейм»

Президент Садыр Жапаров коомчулукта айтылып жаткан “түндүк-түштүк бөлүнүүсү күчөшү мүмкүн” деген кооптонууларга жооп берип, өлкөдө аймактык ажырымга жол берилбей турганын билдирди. Ал «Кабар» маалымат агенттигине кезектеги маегин берген. Анын айтымында, мындай бөлүнүүлөрдү саясатчылар жеке кызыкчылыгы үчүн козутуп келген. 2021-жылдан бери аймактар аралык ротация жүргүзүлүп, акимдер менен соттор 100 пайыз алмаштырылган. Бул кадам бөлүнүп-жарылууну азайтууга өбөлгө…

Кененирээк

75 адам президент Жапаровго мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү өтүнүчү менен кайрылды

Кыргызстанда 75 коомдук ишмер, экс-депутат, окумуштуу жана мурдагы министрлер Президент Садыр Жапаровго жана ЖК Төрагасына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен коллективдүү кайрылуу жолдошту. Кайрылууда авторлор 2021–2025-жылдар аралыгында өлкөдө туруктуулук, армия чыңдалып, чек ара маселелери чечилгенин, коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүн оң баалашат. Ошол эле учурда алар мамлекеттик карыздын өсүшүн, кымбатчылыкты, жакырчылыктын көбөйүшүн, өнөр жайдын…

Кененирээк

Бишкекте күч органдары үчүн 14 кабаттуу бейтапкана курулду

УКМКнын алдындагы аскердик-медициналык мекеменин ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Жаңы бейтапкана коопсуздук комитетиндегилерди, чек арачыларды, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин да тейлейт. Медициналык комплекс заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалды.

Кененирээк