Үч курулуш компаниясы Ысык-Көлгө топурак төгүп жатат. Курулуш министрлиги түшүндүрмө берди
Социалдык тармактарда топурактын түз эле көлгө төгүлүп жатканын көрсөткөн видео пайда болду. Бул тууралуу активист Эртай Искаков жарыялады. Курулуш министрлиги мурда саздак болгондуктан, аймак бекемделип, жашылдандырылып жатканын түшүндүрдү. «Бул көлдүн акваториясын кеңейтүү же кайра толтуруу эмес. Иш эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жүргүзүлүүдө. Үстүнө таза кум катмары төшөлөт. Эч кандай химиялык заттар же кооптуу калдыктар колдонулган…


