Кытайлык компания Кыргызстанга тиричилик техникаларын чыгаруучу завод курат
Кытайлык компания Кыргызстанда тиричилик техникаларын, электр шаймандарын өндүрүүчү өнөр жай курууну пландоодо. “Миньшан”компаниясынын өкүлдөрү Министрлер кабинетинин башчысы менен болгон жолугушууда ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбалары бар экенин айтып, алар жогорку технологиялуу парктын долбоорун сунушташкан.Кыргыз тарап инвесторлорго жардам берүүгө убада берди. Парктын сунушталган жайгашкан жери көрсөтүлгөн эмес.

