Того Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе “Ала-Арча” паркындагы этномаданий программага катышты
Президент Садыр Жапаров жана Того Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе 28-апрелде “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программага катышышты. Меймандарды төкмө акындар жана улуттук зоот кийимчен баатырлар тосуп алышты. Иш-чаранын алкагында того делегациясына кыргыз элинин бай материалдык жана руханий мурасын чагылдырган “Кыргыз айылы” көргөзмө комплекси көрсөтүлдү. Көргөзмөдө кол өнөрчүлүк жана зергерчилик буюмдар, салттуу…


