Ашууларда күн бүркөк, бороон болуп, туман каптап жатат

Транспорт министрлиги Өтмөк ашуусунда, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргенин билдирди. Жеңил транспортко бардык ашууларда жол ачык. Мекеме жол тейлɵɵ ишканалары түндө жааган карды, бороон айдап салган күрткүнү тазалап, жолго кум, туз себилип жатканын айтты. Айдоочуларды аралыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай, керектүү шаймандарды кошо ала жүрүүнү эскертти.

Кененирээк

Бишкекте «акылдуу» жол чырактар орнотулат

Бишкек мэриясы 2-3 айдан кийин «акылдуу» жол чырактар долбоорун шаардын бардык аймагына жайылтууну көздөөдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди. «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы учурда тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Башкача айтканда, жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы шаардын бүткүл аймагына жайылтылат», — деп түшүндүрдү ал. Ал буга чейин…

Кененирээк

Бишкекте коомдук транспортто жүрүү акысы өзгөрүшү мүмкүн

Бишкекте коомдук транспортто жүрүү тарифтери каралышы мүмкүн. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, шаарда айдоочулар жетишсиз. Ошондуктан алардын айлыгын жогорулатуу маселеси курч. Эгер айлык жогоруласа, коомдук транспортто жүрүү акысы дагы көтөрүлүшү мүмкүн, — деди Жунушалиев.

Кененирээк