Кыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңди
Новосибирск шаарында өткөн «Салттардын күчү — 2026» грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык балбандар бир алтын, эки күмүш жана төрт коло медаль жеңип алышты. Турнирге беш өлкөдөн 15–16 жаштагы спортчулар катышты. 42 кг салмакта Бекзат Керимбеков чемпион болду. Нурел Мурзабеков (55 кг) менен Улан Жаналиев (60 кг) күмүш медаль тагынды. Ал эми Кутболот Бекболотов,…


