Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду кимдер ала алат?
Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул белгиленген тартипке ылайык дайындалат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги түшүндүрмө берди. Бул төлөмдү алууга төмөнкү жарандар укуктуу: иштеген жарандар — жумуш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдар; жеке ишкерлер — ишкердик жүргүзүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп келгендер; дыйкан жана фермердик чарбалардын мүчөлөрү; расмий жумушсуз деп таанылган…


