Президент үгүт иштерине мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди катыштырууга тыюу салды

 Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүүгө багытталган жарлыкка кол койду. Анда мугалимдер менен окуучуларды, студенттерди, социалдык камсыздоо органдарынын, медициналык мекемелердин жана башка мамлекеттик, муниципалдык уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын кызматкерлерин үгүт иштерине тартууга катуу тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын президентин кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Кененирээк

Шайлоого барбасаң — бир күндүк айлык жок. Маматалиев жаңы тартипти түшүндүрдү

Президенттик шайлоого 2027-жылдын 27-январында катышпаган жарандарга ошол күн үчүн эмгек акы эсептелбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Шайлоо биринчи жолу шаршемби күнү өтөт — жумуш күнүн тандоо менен шайлоочулардын катышуусун көбөйтүү көздөлүүдө. Маматалиевдин айтымында, добуш берүүгө катышкан жарандардын эмгек акысы сакталат, ал эми тиешелүү тизмелерди БШКдан алууга болот. Учурдагы мыйзамда…

Кененирээк

Эми президенттикке талапкерди колдоп, кол чогултуу  «Түндүк» аркылуу жүргүзүлөт

Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү жобо бүгүн, 23-сентябрда кабыл алынганын кабарлады. Ага ылайык, кол чогултуу автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу, «Түндүк» порталынын жардамы менен жүргүзүлөт. Ал жактан шайлоочунун өздүгү тастыкталып, анан тандаган талапкерге колдоосун билдире алат.  Бул процессти автоматташтырууга, кагаз документтерин азайтууга, убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле чогултулган колдордун саны тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга шарт түзүп,…

Кененирээк

Россияда шайлоодо «Единая Россия» алдыда келе жатат

Россияда Мамлекеттик Думага шайлоодо «Единая Россия» алдыга чыкты. Мындай алдын ала жыйынтыктарды БШК маалымдады. Бийлик партиясы протоколдордун 80 пайыздан ашыгы иштелип чыккандан кийин шайлоочулардын 57,85 пайыз добушун алууда. Андан кийин КПРФ — 13,83 пайыз, ЛДПР — 8,77 пайыз, «Новые люди» — 7,96 пайыз, «Справедливая Россия» — 4,99 пайыз добуш менен келе жатат.

Кененирээк

Кыргызстанда округдук шайлоо комиссияларын түзүү сунушталды

Жогорку Кеңешке шайлоо комиссияларынын системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору киргизилди. Документке ылайык, парламенттик шайлоо маалында округдук шайлоо комиссиялары түзүлөт. Алар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мезгилине гана уюштурулуп, жыйынтыктар расмий жарыялангандан кийин ишин токтотот. Ар бир округдук комиссияда кеминде 12 адам болот. Аларга төмөнкү ыйгарым укуктар берилет: ▫️ шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө;▫️ участкалык комиссиялардын ишин…

Кененирээк

Президенттин мөөнөтү алты жыл бойдон калат, мөөнөтүнөн мурда шайлоого негиз жок

Конституциялык сот президенттин кайрылуусун карап, мамлекет башчынын ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосун түшүндүрдү. 2021-жылы шайланган президенттин мөөнөтү 2010-жылкы Конституциянын негизинде алты жыл болуп эсептелет жана ал кыскарбайт 2021-жылдагы жаңы Конституциядагы беш жылдык мөөнөт мурда башталган президенттик мандатка карата иштебейт. Президент жаңы Баш мыйзамдын талаптарына ылайык ишин улантат. Биринчи мөөнөттөгү алты жыл “эки…

Кененирээк

7млн сомдук шайлоо күрөөсү ээлерине берилет

Март айында өтөт деп жарыяланган 13-округдагы шайлоого талапкер болгондордун күрөө акчасы кайтарылат. БШКдан маалымдагандай, 25 талапкердин күрөө акчасы жалпы 7 млн сомду түзгөн. Буга чейин талапкерлердин бири Бишкек шаардык административдик сотуна БШКнын кайра шайлоо өткөрбөө чечимине каршы доо арыз менен кайрылган. Бирок, сот чечимди күчүндө калтырды

Кененирээк

75 адам президент Жапаровго мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү өтүнүчү менен кайрылды

Кыргызстанда 75 коомдук ишмер, экс-депутат, окумуштуу жана мурдагы министрлер Президент Садыр Жапаровго жана ЖК Төрагасына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен коллективдүү кайрылуу жолдошту. Кайрылууда авторлор 2021–2025-жылдар аралыгында өлкөдө туруктуулук, армия чыңдалып, чек ара маселелери чечилгенин, коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүн оң баалашат. Ошол эле учурда алар мамлекеттик карыздын өсүшүн, кымбатчылыкты, жакырчылыктын көбөйүшүн, өнөр жайдын…

Кененирээк

№13 округ боюнча кайра шайлоодо үгүт иштери башталды

Бүгүн, 9-февралда, №13 округдан Жогорку Кеңешке кайра шайлоого байланыштуу үгүт иштери башталды. Үгүт 28-февралга чейин уланат, ал эми шайлоо 1-мартта өтөт. БШКнын маалыматы боюнча 25 талапкер катталган (15 эркек, 10 аял). Округда 94 шайлоо участогу ачылып, контролдук тизмеде 161 344 шайлоочу бар; кайра шайлоо 2025-жылдын 3-декабрында №13 округ боюнча жыйынтык 35 участктагы мыйзам бузуу себептүү…

Кененирээк