Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны АКШда кармалды
47 жаштагы Ы.М. аттуу киши мунайзат саткан уюмдун жетекчилерининин бири менен сүйлөшүп алып, 1,5 миң тоннадан ашуун күйүүчү май уурдап, мамлекетке 51,7 млн сомдук зыян келтирген деп шектелип жаткан. 2023-жылы Кыргызстан ИИМи аны Интерпол аркылуу издөөгө алган. АКШнын укук коргоо органдары шектүүнү кармап, азыр экстрадициялоо маселеси каралууда.

