Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү азайып, энелердики көбөйдү
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында айтылды. Көрсөткүч 1000 ымыркайга 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2%га төмөндөгөн. Аталган иш-чарада энелер өлүмүнүн өсүшү белгиленди. Былтыр 48 учур катталып, мурдагы жылга салыштырмалуу 35,4 %га жогору болгон. Министрдин айтымында, эне-баланын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүч.
