Сымбат Абдакимова

Дзюдочу Эрлан Шеров Парижден байгелүү кайтты

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өткөн Paris Grand Slam (Париж Гранд Шлем) эл аралык мелдешинде коло медаль утту.Алгачкы эки беттешинде бейтарап спортчу Егор Варапаев менен монголиялык Алтанбагана Гантулганы жеңген. Бирок чейрек финалда азербайжандык дзюдочу Элхан Гажиевге утулган. Андан соң көңүл жубатуучу беттеште бельгиялык Сами Чоучи менен кез келип, ал кармашта жеңүүчү болуп чыккан.Ал эми үчүнчү…

Кененирээк

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,71 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык бул ирет үстүбүздөгү жылдын 30-январынан 5-февралына чейинки аралыкта Баткен облусунун Баткен шаарында болуп өттү. Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты….

Кененирээк

ЖЭБди калыбына келтирүүгө чет өлкөлүк адистер көмөктөшөт

Орусиядан Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өзгөчө кырдаалдын себептерин аныктоого көмөктөшө турган адистер келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө ЖЭБдин толук кандуу иштешин үзгүлтүккө учураткан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду. Акылбек Жапаров жыйындын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине…

Кененирээк

Бишкектеги мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өттү

Бишкекте мектеп, бала-бакчалар 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлдү. Билим берүү жана илим министрлиги аралыктан окууга Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) катталган аварияны жүйөө келтирди. Белгилей кетсек, ЖЭБте 2-февраль түнкү саат 03:00 чамасында авария болду. Анда 5 кызматкер жабыркап, экөөнүн абалы оор экендиги маалымдалды. Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү үчүн 2-3 күн убакыт кетет. Ошондой эле…

Кененирээк

Кыргызстан МЖӨ боюнча дүйнөлүк рейтингинде 22-орунга көтөрүлдү

Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча дүйнөлүк рейтингинде 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай жыйынтык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун рейтингин түзгөн көз карандысыз «The Economist Intelligence Unit» экономикалык журналынын баалоосуна ылайык чыгарылган. Бүгүнкү күндө КР Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинин инвестициялык көлөмү 100 млрд сомдон ашып, 68 долбоорду түзөт. 2021-2023-жылдар аралыгында…

Кененирээк

Миң унаа мыйзамсыз катталган

“Унаа” ишканасы Орусия, Белорусия, Армения, Казакстандан мыйзамсыз алынып келинген 15 миң 448 транспортту каттоого алган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, унааларга бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес. Андан сырткары, алар өлкөгө жасалма номур менен алып келинген. ЕАЭБ мамлекеттери 15 миң транспорттун 1 миңи аларда каттоодон өтпөгөнүн ырастады. Калганы боюнча өнөктөш өлкөлөрдөн маалымат күтүлүүдө. Белгилей кетсек,…

Кененирээк

Кыргызстанда алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалды

Бишкекте биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Анда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө министр Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү…

Кененирээк

Бишкекте асма жол куруу пландалууда

Бишкекте асма жол куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мэр Айбек Джунушалиев Швейцариянын Флумус шаарында Bartholet Swiss компаниясынын президенти Ролан Бартолет менен жолугушту. Жыйында Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында аркан жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди. Белгилей кетсек,…

Кененирээк

Кыргызстанда бүгүн 4 жолу жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 30-январда 4 жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Бедел айылында 5 баллга чейин сезилген.Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусунда саат 10:51де жер титирөө катталып, очогунда күчү 3,6 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Мурдаш, Сопу-Коргон айылдарында жана…

Кененирээк

Бишкекте бүгүндөн тарта жол кире кымбаттады

Бишкекте бүгүндөн тарта жол кире кымбаттайт. Автобус-троллейбустарда карта менен төлөсө 17 сом, накталай 20 сом болот. Жеке автобус менен кичи автобустарда жол акысы 20 сомду түзөт. Азыр жол акы автобус-троллейбустарда 11 сом, кичи автобустарда 15 сомду түзөт.

Кененирээк