Бишкекте унаа токтотуучу жайлар кымбаттайт
Бишкек шаарындагы унаа токтоочу жайларга эми акы алынат. Бул тууралуу токтомдун долбоору “Коом талкуу” порталына жарыяланды.Ага ылайык мэрия төмөнкү бааны сунуштайт:• Бир саатка – 25 сом;• Андан ашса – 40 сом 100 сомго чейин.Мэриянын маалыматында, шаарда 683 миң автотранспорт каражаты катталган. Муниципалитет айдоочулар автомобилдерин жолдун четине таштап кетишип, жол-транспорттармагында ынгайсыз абалды жаратып жатканын айтат.

