Бегимай Асанова

Оштогу 2 эс алуу жайы мамлекеттин менчигине өттү

Ош пансионаты менен Ош турбазасы мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында аталган эс алуу жайлардын жерлерин мурдагы жетекчилери, экс-депутат жана башка адамдар менчиктештирип алганы маалым болду. Ош пансионаты 21,5 га болгон, азыр 17,68 га гана жери калган; Ош турбаза 4 га болгон, азыр 2,8 га гана жери калган….

Кененирээк

Кыргызстанда ФИФАнын баардык талаптарына шайкеш стандион ачылат

Ороктогу жаңы стадион ФИФАнын бардык талаптарына жооп берет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев билдирди. Маалыматка ылайык, стадион 45 миң адамга ылайыкталып курулууда. Курулушка болжол менен 60 млн доллар керектелет. Объекттин ачылышы 2026-жылы Эгемендүүлүккө карата болот деп күтүлүүдө.

Кененирээк

ЖК депутаты Улан Примов жана «Примов» фондунун Кадыр түн кечесине белеги

Гүлчө айылындагы «Марифхан уулу Жолборсхан Төрө ажы» атындагы мечитиндеги аксакалдарга Жогорку кеңештин депутаты Улан Примов жана «Примов» фонду менен азык-түлүк баштыкчалары тапшырылды. Иш чара касиеттүү «кадыр түн» кечесине туура келгендиги үчүн, «Кадыр кече» белеги деп аталды. Жогорку кеңештин депутаты Улан Примов мечит жамаатындагыларга каалоо тилектерин айтып, өз сөзүндө: «тапшырылган азык-түлүк баштыктарында эч кандай саясат жок,…

Кененирээк

Нарында дрон курап чыгара турган чыгара турган завод курулары айтылды

Нарында дрон чыгарган завод курулат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады. Завод жакын арада салынып баштаары кошумчаланды. Бул долбоор «Нарын эркин экономикалык аймагы» менен «Кашгар комплекстүү боналык зонасынын» ортосундагы «Эки өлкө, эки парк» кызматташуу демилгесинин алкагында ишке ашмакчы. Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлери ортосунда «Кыргызстан – Кытай (СУАР)» бизнес-форуму өтүп,…

Кененирээк

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктайт

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктайт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, абитуриенттер 4-апрелге чейин окуган жеринде, ал эми мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөр жашаган жери боюнча райондук же шаардык билим берүү бөлүмүндө каттоодон өтүшү керек. Негизги жана ар бир предметтик тест үчүн төлөм 470 сомду түзөт. Сынактын өзү 17-майдан 24-майга чейин өтөт.

Кененирээк

Улан Примов ЖКнын бир катар депутаттарына сыйлык тапшырды

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын «ЖККУда парламенттик кызматташтыкты чыңдоо үчүн» медалы менен сыйланышты. Ошондой эле, уюмда жигердүү ишмердүүлүгү жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн эл өкүлдөрүнө ЖККУ ПАнын Ардак грамотасы тапшырылды. Сыйлыктарды, эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетикомитеттин төрагасы Улан Примов тапшырып, парламенттеги эл…

Кененирээк

Кыргыз санжырасы боюнча мыйзам долбоору сунушталды

Кыргыз санжырасы тууралуу музейлерди түзүү мыйзам долбоору сунушталды. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов көтөрүп, коомдук талкууга койду. Анын айтымында, өлкөдө мындай музейлерди түзүү мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Андыктан санжыра боюнча материалдарды жана документтерди чогултууга, изилдөөгө, сактоого, көргөзмөгө коюуга жана жайылтууга расмий тоскоолдуктар жаралат. Санжыраны сактоо жана өнүктүрүү илимий ыкмаларды кеңири колдонууну талап кылары…

Кененирээк

Кыргыз санжырасы боюнча мыйзам долбоору сунушталды

Кыргыз санжырасы тууралуу музейлерди түзүү мыйзам долбоору сунушталды. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов көтөрүп, коомдук талкууга койду. Анын айтымында, өлкөдө мындай музейлерди түзүү мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Андыктан санжыра боюнча материалдарды жана документтерди чогултууга, изилдөөгө, сактоого, көргөзмөгө коюуга жана жайылтууга расмий тоскоолдуктар жаралат. Санжыраны сактоо жана өнүктүрүү илимий ыкмаларды кеңири колдонууну талап кылары…

Кененирээк

Товарларды бажы алымсыз ташып келүүнүн босогосу өзгөрдү

1-апрелден тарта жеке колдонуу үчүн товарларды бажы алымсыз ташып келүүнүн босогосу өзгөрдү.Буга чейин,чет элдик интернет-дүкөндөрдөн товарга буйрутма берген жарандарды колдоо максатында убактылуу жеңилдиктер киргизилген. Ага ылайык, 2022-жылдан бери интернет-дүкөндөрдөн буюртма кылган товарлардын баасы 1000 евродон ашпаса пошлина төлөнчү эмес. 1-апрелден тарта бул жеңилдик алып салынды.Мындан ары учактан башка транспорт менен ташылган товардын наркы 500 евродон…

Кененирээк

Президенттин жарлыгын аткарбагандар ээлеген кызматынан бошотулат

Президенттин жарлыгын бир айлык мөөнөттө аткарбагындар ээлеген кызматынан бошотулат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-январында өлкө жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койгон. Бирок айрым жетекчилер аны аткарбай коюунун айласын көрүп жатышат. Алагөзовдун айтымына караганда, аталган…

Кененирээк