Ош Пирим

SMM адиси, графикалык дизайнер курсун акысыз үйрөнүңүз

Бишкек шаарында SMM адиси, графикалык дизайнер, бухгалтердик жана чач тарач боюнча акысыз курстарга кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.Окуудан өтүүнү каалоочулар жашаган жери боюнча, райондук жумушсуз жарандарды каттоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Ал үчүн өздүгүн тастыктаган паспорт, эмгек китепчеси (эгер бар болсо) жана…

Кененирээк

Бардык интернаттарга видеокөзөмөл орнотулат

Өлкөдөгү бардык интернаттарга видеокөзөмөл орнотулат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Ошондой эле министрлик Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде “майыптыгы бар адамды тарбиячы уруп жатат” — деген өңүттө таркап жаткан видео боюнча түшүндүрмө берди.Министрликтин айтымында, бул видео 2021-жылы кыш мезгилинде тартылган. Буга чейин мекеменин жетекчилиги жана мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлер алмашылган.Эмгек,…

Кененирээк

Ар бир окуучу жана мугалим ноутбук менен камсыздалат

Министрлер кабинети өлкөдөгү мугалимдер менен окуучулардын ар бирин ноутбук менен камсыз кылмакчы. Бул тууралуу Акылбек Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын ишке ашырууга байланыштуу жыйында билдирди. Анын айтымында, этап-этабы менен мектепти санариптик трансформациялоо башталат.“Биринчи этапта ар бир мугалимди ноутбук менен камсыз кылабыз. Мугалимдер ар бир айылда, ар бир шаарда эң алдыңкы адамдардан болууга тийиш. Андан соң…

Кененирээк

Амантур Жумаев бокс боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык боксчу Амантур Жумаев 16 жашка чейинки жаш уландар арасындагы дүйнө биринчилигинде жеңишке жетип, дүйнө чемпиону аталды. Ал 52 кг салмакта күч сынашкан. Катары менен өзбекстандык, германиялык, орусиялык жана польшалык мушкерлерди жеңип, финалга чыккан.3-декабрда өткөн финалдык беттеште Амантур Жумаев армениялык Арен Харатьянды утуп, дүйнө чемпиону болду.Эскерте кетсек, 16 жашка чейинки мушкерлер арасындагы дүйнө чемпионаты Армениянын…

Кененирээк

“Коопсуз миграция кербени” аталышындагы чет өлкөдөгү бош орундар жарманкеси өтөт

Кыргызстанда «Коопсуз миграция кербени” аталышындагы чет өлкөдөгү бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.Жарманке Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» USAID долбоору менен биргеликте уюштурулууда.«Бош орундар жарманкеси чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандар үчүн…

Кененирээк

Алай районунда калктын аярлуу катмарына чоң майрам уюштурулду

Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата Ош облусунун Алай районунда майрамдык иш чара өткөрүлдү. Иш чара «Примов» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп ага Жогоркү Кеңештин депутаты Улан Примов, Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Майрамдык салатанатка Алай районунун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 100 бала чакырылып, алар үчүн концерттик программа…

Кененирээк

Базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер Кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот. Белгилүү болгондой, буга чейин Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт»…

Кененирээк

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга салтанаттуу иш-чара уюштурулду

Бүгүн Ош шаарында 1-декабрь Эл аралык майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Бабур театрында майыптыгы бар балдар үчүн иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, майыптыгы бар адамдардын укугун жашоонун бардык тармактарында коргоого, аларга ар тараптуу…

Кененирээк

Быйыл Ысык-Көлдө 1 миллион 300 миң турист эс алган

Быйыл Ысык-Көл облусуна 1 миллион 300 миң турист келип эс алган. Бул тууралуу Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусунда жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн ээлери менен жолугушуу учурунда маалымдалды. «Биздин аймактагы туристтердин саны өсүп жатканын байкалууда, андыктан биз дагы кызмат көрсөтүүнү жогоруу деңгээлге чыгарышыбыз керек. Негизги маселе бул экологияны коргоо жана эс…

Кененирээк

Өлкөдө ВИЧтен көз жумган 3233 учур катталды

2023-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда иммундук жетишсиздик вирусунун 13 030 учуру расмий катталды. Анын 12 272си – Кыргызстандын жарандары калганы чет өлкөлүктөр. Көрсөткүчтүн 46% аялдар менен кыздар түзөт. Бул тууралуу Республикалык Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору маалымдады.Эпидемияга байкоо жүргүзүлө баштагандан берки эсептерге караганда, 3233 адам вирустан көз жумду. Дүйнөлүк саламаттык…

Кененирээк