Банк эсебиңиздеги каражат дагы мураска калышы мүмкүн
Өлкө боюнча 6,6 млн электрондук капчыкта 1,4 млрд сом бар. Бирок алардын кожоюндары кайтыш болсо, мураскерлери акчаны ала турган жоболор жок. Ошондуктан электрондук акчаны мүлк деп эсептөө сунушталды. Эми электрондук капчыктын ээси каза болгондо тийиштүү банк мураскерлерге маалымат берип, өткөрүп берет. Азыр Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алып, президент кол коюшу гана калды.

