Ош Пирим

Бириккен Араб Эмираты Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныйт

2024-жылдын аягына чейин Кыргызстан менен БАЭ айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча меморандумга кол коюшат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.Кыргызстандын элчиси Бириккен Араб Эмирлигнин тышкы иштер министри менен жолугушту.Натыйжада, эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча меморандумга кол коюга макулдашылды.

Кененирээк

Экология министрлиги Ысык-Көлдөгү аттракциондордун ээлерине айып салды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлминистрлигинин Ысык-Көлдөгү башкармалыгы облустун аймагындагыаттракциондорго контролдук текшерүү жүргүздү.Экология министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүнжыйынтыгында мурда берилген эскертүүлөр аткарылбаганы үчүн жалпы 39 000сом өлчөмүндө административдик айып салынды

Кененирээк

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсык катталды

Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарына караштуу тилкесинде жол кырсыгы катталды.Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 389-чакырымында катталган. Анда таштанды тазалоочу экскаватор менен жеңил унаа кагышкан. Такталган маалыматтарга караганда, кырсыктан жабыркаган жарандар жок.

Кененирээк

«Оскар» сыйлыгына талапкер тасма аныкталат

Бүгүн, 23-августта саат 10:00дө Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө абройлуу «Оскар» сыйлыгына «Чет тилдеги эң мыкты тасма» номинациясы боюнча ат салышып, Кыргызстандын атынан катыша турган тасма жарыяланат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул күнү кыргыздын таланттуу кинорежиссерлору жараткан тасмалардын кайсынысы маданиятыбызды дүйнөлүк аренада таанытууга мүмкүнчүлүк алары белгилүү болот.

Кененирээк

“Айыл Банк” Орусиядан акча которууларды токтотту

“Айыл Банк” коммерциялык банкы бүгүн, 22-августтан тарта Орусиянын “Сбер” тиркемеси аркылуу кардарлардын эсептерине жана карталарына акча которууларды токтотту. Бул тууралуу аталган банктын сайттында жарыяланды. Белгилей кетсек, 16-августтан баштап Мбанк Орусиядан акча которууларды токтоткон.

Кененирээк

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк келишимдери камсыздандыруу полиси менен гана жүргүзүлөт

Токтом  министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды. Документке ылайык, өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруусуз турак-жайды сатып алуу, сатуу жана ипотекага берүү мүмкүн эмес. Финнадзор белгилегендей, аймактардагы акыркы селдер үйдү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн эске салат. Республиканын ар бир регионунда жайгашкан жети филиалда камсыздандыруу кызматтары «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК тарабынан көрсөтүлөт. Мамлекеттик турак-жай камсыздандыруусу шаарларда — 1 миң 200…

Кененирээк

Өспүрүмдөр дүйнөлүк чемпиондукта оюнун жыйынтыктады.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы дүйнөлүк чемпиондукта өз оюнун жыйынтыктады. Бул мелдеште кыргызстандык эки балбан медалга ээ болду. Кутман Калбаев 51 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалдын ээси, Бекжан Бейшембаев 45 килограммга чейинки категорияда коло байге утту. Мелдеш улук машыктыруучу Дастан Муктаровдун жетекчилиги астында өттү. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр командасы 33 өлкөнүн…

Кененирээк

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата 40 өнөр жай ишканасы ачылат

Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык Баткен облусунда 5, Ош облусунда 8,Чүй облусунда 13,Ыссык көл облусунда 3,Нарын жана Жалал-абадда 4,Бишкек шаарында жана Ош шаарында 2, Талас облусунда 1 өнөр жай ишканалары ачылат. Объекттердин арасында кичи ГЭСтер, түрдүү цехтер, өндүрүш ишканалары, буюм-тайымдарды кайра иштетүүчү заводдор бар. Мындан тышкары, жыл аягына чейин республика боюнча 130дан ашык…

Кененирээк

Кыргызстанда унаалардын каптал терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү

Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.Эми тонировкага уруксатты Кыргызстандын жарандары 1 жылга 50 миң сом, юридикалык жактар 70 миң сом, чет өлкөлүк жарандар 90 миң сом төлөп алса болот. Мындай жаңы тартип 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.

Кененирээк

Өзгөндө 14 жаштагы кыз көз жарды

Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кыз көз жарды.Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын тастыктаган маалыматына караганда, учурда эне-баланын абалы жакшы .Ош ОИИБнын басма сөз кызматы бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү каттоого алып, кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 2003-жылы туулган Ж.Н. аттуу жараны кармалып,…

Кененирээк