Башаламандык уюштурууга шектелгендер СИЗО-1ге киргизилди
Бийликти басып алууга даярдыкты уюштуруу боюнча иштин фигуранттары СИЗО-1ге киргизилди. Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Дамир Мусакеев, Кубанычбек Кадыров Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2026-жылдын 27-декабрына чейин камакка алынды. Калган шектүүлөр тергөө абагына киргизилген. ИИМ буга чейин парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданып жүргөн делген топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген.


