Мыйзамсыз курулган ири коммерциялык объекттер бузулат
Кыргызстанда январь айынын башынан тарта мыйзам бузуу менен курулган коммерциялык объекттерди аныктоо боюнча комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинини директору Нурдан Орунтаев билдиргендигин “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жазып чыкты. Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия бузула турган объекттердин, анын ичинде ири объекттердин тизмесин сунуштайт. “Белгилүү талаптар…

