Өткөн жылы «Кыргызкөмүр» ишканасы 1,3 млн. тонна көмүр казган
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 2023-жылы 1 миллион 323 миң тонна көмүр казды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Негизи өткөн жылы 750 миң тонна көмүр казылуу пландалган. Маалымдагандай, калкты арзан көмүр менен камсыздоо багытында Бишкек шаарында 6 көмүр кампасы негизделсе, республика боюнча ири шаарларда жалпысынан 42 көмүр кампалары ачылган. «Бул көмүр кампаларынын ачылышы элге пайдалуу болду. Көмүрдүн…

