Окуучулар эки күн аралыктан окушат

Катуу сууктан улам Кыргызстандагы мектептер 13-14-декабрь күндөрү онлайн окуйт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты. Мекеме бул күндөрү бала-бакчалар да иштебей тургандыгын кошумчалады.

Кененирээк

Кытайдын Кыргызстандагы Элчилиги Ички иштер министрлигине техникалык жардам көрсөттү

Кытайдын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Ички иштер министрлигине техникалык жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Анын алкагында бүгүн Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвень айым менен жолугушуусу болуп өттү. ИИМдин башчысы корсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун соңунда Улан…

Кененирээк

Сузактан жыл аягында бензин жана битум чыга баштайт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жыл аягына чейин бензин жана битум өндүрүү боюнча ишкана курулуп бүтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди. Анын маалыматына ылайык, ишкана чет элдик инвесторлор тарабынан курулууда, долбоор үчүн Барпы айыл аймагынан 2 гектар жер бөлүнүп берилген. Ишкана АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жана битум өндүрүп чыгарат. Белгиленгендей, ишкананын 2023-жылдын аягында…

Кененирээк

Кыргызстанда нотариустарда бүтүмдөр манжа издери менен жүргүзүлө баштайт

Жакын арада Кыргызстанда нотариустар аркылуу бардык маанилүү бүтүмдөр манжа издери менен жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министри Аяз Баетов билдирди.Анын айтымында, министрлик ушул жылдын аягына чейин жаңы тартип боюнча нотариустардын ишин даярдоону бүтүрүүнү пландоодо. «Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн нотариустан манжа изин идентификациялоодон өтүп, бүтүмдү видеокамерага түшүрүү керек. Эми сиз тааныш…

Кененирээк

Президент кыргыз-тажик чек ара маселеси жазда чечилээрин билдирди

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери 2024-жылдын жазында аяктайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен районунун Капчыгай айылында болгон жолугушууда билдирди.Айтымында, Тажикстан менен чек арага жаңы жылга чейин чекит коюу пландалган. «Чек араны чечип жатабыз, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аяктап калдык, жаңы жылга чейин бүтөлү дедик эле, кичине созулуп жатат. Эми жазында бүтөт окшойт», — деди Садыр…

Кененирээк

Германиядан келген грантка 3 төрөт үйү жана кургак учукка каршы оорукана курулат

Эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция боюнча комитети 2023-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган КР Министрлер кабинети менен Германия Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну карады. Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов билдиргендей, 4млн 500миң евро гранттык каржатка Бишкек, Ош, Талас шаарларына бирден перинаталдык борборлорду, ошондой Бишкекке кургак учукка каршы оорукана куруу…

Кененирээк

Кыргызстанда ата мекендик брондолгон унаа чогултула баштады

Кыргызстандын курал-жарак жана аскердик техниканы оңдоочу борбордук базасында биринчи ата мекендик “ГАЗ-66М” брондолгон унааны чогултуу башталды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди. “Курулушу эки жыл мурда башталган бул базанын иштеп кетишине көбү ишенген эмес. Ал эми бүгүнкү күндө база толук өндүрүштүк кубаттуулукка жетип, өлкөнүн өнүгүп келе жаткан биринчи аскердик-өнөр жай комплекси…

Кененирээк

Ош шаарында 2 көчөдө унаа кыймылы өзгөрөт

Бүгүн 11-декбарь Ош шаарында 17:00 дон тарта айрым көчөлөрдө унаа кыймылы өзгөрөт. Ага ылайык эми В. Ленин көчөсүнүн А. Навои көчөсү менен болгон кесилишинен баштап (болжол Ош облустук филармониясынан тарта) Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен жерине чейин жана Курманжан-Датка көчөсү В.Ленин көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап (болжол автобекет) А.Навои көчөсү менен кесилишкен аймагына чейинки жол бир…

Кененирээк

Президент телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.«Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери!Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!Телеберүү жана радио тармагынын кызматкерлери өлкөнүн улуттук биримдигин, коомдун туруктуулугун, ынтымакты сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматка ээ болушун…

Кененирээк

Бишкекте кагаз чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз чыгарган завод ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Анда министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров катышып, акыркы 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 3,4 млн долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташылып келингенин билдирди. “Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукцияларды чыгаруучу…

Кененирээк