Казакстанга гумжардамдын экинчи бөлүгү жеткирилет
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) суу ташкындан жабыркап жаткан Казакстанга «Жардам кербени» деген аталыштагы гумжардамдын экинчи бөлүгү жеткирилерин кабарлады. ӨКМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, гумжардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жиберилүүдө. Анда Кыргызстанда өндүрүлгөн 150 тонна сүт азыктары бар. Гуманитардык жардам кыргызстандыктардын күчү менен жыйналган, кошумча президенттик фонддон бөлүнгөн акчага алынган. «Жардам кербени»…


